Ош Пирим
Эркектердин арасындагы тукумсуздук
Өткөн жылдын тогуз айында Оштогу борборго балалуу боло албай 645 адам кайрылса, быйыл 800 адамга жетти.
Өзүн тааныштыруудан баш тарткан бул жигит Ош облустук адам репродукциясы борборунда 4 жылдан бери дарыланып келет. Биринчи бөйрөгү шамалдап келген бул жигит дарыгерлердин текшерүүсүнөн өткөн соң, жыл сайын бир жолу дарыланууга келип турат. Ага окшоп бул жерге келип дарыланып жаткан эркектер, аялдар да бар. Анын айтымында, мындагы бейтаптардын көпчүлүгү балалуу боло албай, дарылануунун натыйжасында наристелүү болсом деп үмүттөнгөндөр.
Бул жерде 1-2 жыл дарыланышып балалуу болуп жатышат экен. Алгач бөйрөгүм шамалдап калып келсем, андан простатит деген оору пайда болуптур.
Аты-жөнүн атагысы келбеген жаран
Борборго дарыланууга келген
If a building becomes architecture, then it is art
Тукумсуздук деген эмне?
Борборго өткөн жылдын 9 айында 645 адам балалуу боло албай кайрылса, быйыл 800 адамга жетти.
Учурда Ош облусунда эркектердин саламаттыгы начарлап, тукумсуздук кесели күч болуп жатканы тууралуу дарыгерлер коңгуроо кагышууда. Мисалга, өткөн жылдын тогуз айында Ош облустук адам репродукциясы борборуна балалуу боло албай 645 адам кайрылса, быйыл анын саны 800 адамга чамалады.
Анын негизги себептери – экологиябыздын бузулушу, абанын бузулушу, дыйкандар ар кандай химикалык минералдык заттарды колдонушу, себеби бүгүнкү күндө көп санда колдонуп жатышат. Алардын баары биз тамактанган азыктарга өтүп, жыныс органдарын сезгентип, тукумсуздуктун көбөйүшүнө алып келүүдө.

Абдырашит Акынбеков
Ош облустук Адам репродукциясы борборунун директорунун орун басары
Мындан сырткары, эркектер арасында тукумсуздук илдетине чалдыгуусуна төмөнкү тышкы кубулуштар да өз таасирин тийгизип келүүдө.
Алар кайсы кубулуштар?
- уулуу газдар
- химиялык азыктар
- алкоголдук ичимдиктер
- тамеки тартуу
- насвай колдонуу





Тукумсуздук мигранттарда көп катталуудабы?
Дарыгерлердин айтымында, чет өлкөдө иштеген мигранттар ден соолугуна кам көрбөй, натыйжада саламаттыгын жоготуп, тукумсуздук илдетине чалдыгышууда. Андан тышкары, балдарга жыныстык тарбия берген мекеме жоктугунан, интернет аркылуу каалаган багытка бурулуп кетип жатышат.
Мисалы, 100 үй-бүлө кайрылса, анын 53 пайызында эркектер күнөөлүү болуп чыгууда. Ошол күнөөлүү болгон эркектерди да текшерүүдөн өткөрүп келгенде, аларда жыныстык катнаш аркылуу жугуучу оорулардын калдыктары табылууда. Ошолор көбүрөөк маселе жараты.
Абдырашит Акынбеков
Ош облустук Адам репродукциясы борборунун директорунун орун басары
Ош облустук Адам репродукциясы борбору
Тукумсуздуктун алдын алып, ага кам көрүү аракеттери бир нече медициналык борборлордо колго алынып келет. Анын катарында Ош облустук Адам репродукциясы борбору жаны технологиялардын жардамы менен оорулуулардын дартын аныктап, балалуу боло албай жаткан жарандарга колдон келген жардамдарын көрсөтүп келе жатышат. Адистердин пикиринде, дары-дармектер негизинен чет өлкөлөрдөн тартылып, мында кайрылган адамдардын 30 пайыздан ашууну балалуу болууда.
Лабораторияда анализ жүргүзгөнгө чейин, баары эле "менин саламаттыгым жакшы" деп ойлой беришет. Чындыгында келгенде, көп клеткалары өлүк болуп чыгат. Биз эркектердин биничи, экинчи этаптагы саламаттыгын көзөмөлгө алганы мүмкүнчүлүгүбүз бар.

Абдасбек Эшбаев
Ош облустук Адам репродукциясы борборунун директору
Мындан болжол менен 10 жыл мурда көбүнчө аялдар кайрылып, төрөбөй жатышкандыктан дарыланууга келишкен болсо, азыр эркектер андан кем калышпайт. "Үй-бүлө куруучулар бирге дарылануу менен биздин ишибиз өз максатына жетүүдө" дейт адистер.
Эркектер простатит сыяктуу сезгенүү оорулары менен кайрылышат. Анда да алар ооруп калганда кайрылышат. Эгер оорубаса, анда кайрылышкан эмес. Акыркы 5-6 жылдан бери эркектер да түшүнүп калды окшойт, үй-бүлөдө аял менен эркек чогуу дарыланышат.
Ыкыбал Таштанова
“Нике жана үй-бүлө” борборунун бөлүм башчысы
Тукумсуздуктун кантип алдын алабыз?
Дарыгерлердин айтымында, учурда ар бир эркектин саламаттыгында көйгөй бар. Мына ошол эркектердин 10%ы гана ак халатчандарга кайрылса, калганы өзү менен өзү алек. Балким ошол дарыгерге баргысы келбеген эркектер өздөрүнүн саламаттыгын мыкты караса, орточо жашаган 64 жашы дагы да узармак. Айтымдарында, тукумсуздук маселесине келгенде дарыгерге аялдар гана кайрылышып, эркектер көңүл кош мамиле кылышат.
Биринчиден, өзүңүздөргө маалым, эркектердин арасында, медицинада, жалпы эле бизде аларды бир багыттуу кароо артта келатат. Экинчиден эркектер өздөрү саламаттыгына кайдыгер карагандыгы аялдарга караганда эркектерде төмөн. Көпчүлүк жашы өтүп калган эркектер өздөрүнүн саламаттыгы боюнча биздин мекемеге кайрылуудан уялышат. Анан көпчүлүк жашы өтүп калгандар, карылыктын айынан деп ойлошот. Мындай нерсе туура эмес. Организмде да улам жаш өткөн сайын өзгөрүү болот, бирок ошону дайыма бир калыпка салбасак да аракет жасасак жакшы болмок. Статистика боюнча, учурда ар бир экинчи эркекте саламаттыгы боюнча кандайдыр бир көйгөй бар.
Абдасбек Эшбаев
Ош облустук Адам репродукциясы борборунун директору
Соңку 5 жылдагы маалыматтарга караганда, аталган борборго кайрылган тукумсуз эркектердин саны 2014-жылы 1220 жеткен. Акыркы эки жыл ичинде алардын саны азайганы байкалат.
Коомчулук, ата-энелер, мектепте түшүндүрүү иш-аракети солгун жүрүп жатабы?
Адистер белгилегендей, өткөн жылы республика боюнча 14-17 жаштагы кыздардын арасында бойдон алдыруу боюнча 1700 учур катталган. Аларга коомчулук, ата-эне, мектептен түшүндүрүү иш аракети солгун жүрүп жатат. Эгер бул жараян улана берсе келечекте тукумсуздук көйгөйү күн тартибине чыгат. Оштогу облустук адам репродукция борборуна балалуу болууну каалагандар көп келишет. Мунун өзү өлкө аймагында тукумсуздук көйгөйү бар экенинен кабар берет.
Бизге кайрылгандардын көпчүлүгү балалуу болбой жаткандар. Борборубузда аларга жогорку деңгээлде кызмат көрсөтүлөт. Арасында дарыланышып, балалуу болушкандар бар.
Жылдыз Алишева
Борбордун башкы медайымы
Тукум улоо ар бир тирүү жандын башкы максаты. Балалуу болбой калуу улут үчүн чоң трагедия. Адистер билдиргендей, адам саламаттыгын кароо үчүн тамак ашына, колдонгон буюмдарына чейин жакшылап көңүл бурушу керек. Тукумсуздуктун алдын алуу боюнча дарыгерлер өзгөчө мектеп курагындагы, жогорку окуу жайлардагы жаштарга кеңири кеп кеңеш керек дешет.
Алдын алуу боюнча өзүбүздүн иш планыбыз бар. Жумушчу план боюнча биз окуучуларга, студенттерге жыныстык жактан жугуучу оорулар, простатит оорусу, эркектердин тукумсуздугу деген темалар боюнча тегерек столдорду өткөрөбүз, лекцияларды окуйбуз.

Дилшод Мирзокулов
Борбордун андролог-урологу
Борбор өкүлдөрү билдиргендей, коомдо тукумсуздук тууралуу маалымат аз. Бирок буга карабай, дарыгер-урологдор айылдарга чейин барып түшүндүрүү иштерин жасап жатышат. Бейөкмөт уюмдарынын колдоосу менен үй-бүлөнү туура пландаштыруу тууралуу маалымат баракчалары таратылып жатат.
Даярдаган: Ныяз Ташматов
This site was made on Tilda — a website builder that helps to create a website without any code
Create a website